• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бекназаров: Мадумаровдун жерлер боюнча үч документте колу турат

16 Үчтүн айы 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Азимбек Бекназаров кыргыз жерлеринин коңшуларга өтүп кетишине Адахан Мадумаровду күнөөсү бар деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-январда маалымат жыйында билдирди.

Ал Мадумаровдун үч тарыхый документке кол койгондугун айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Казак-кыргыз чек арасы каралып жатканда Каркыра, Көк- Сай, Токмоктун маңдайы, Маймак баардыгын казактарга өткөрүп берген. Тарыхый документте Жогорку кеңештин төрагасы Мадумаровдун «макул» деген добушу менен анын колу турат. Азыркы учурда Айбалаев менен тартышып жүрбөйбү? Чек ара боюнча меморандумда Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы катары Адахандын колу бар. Анын ошол кызматта туруп меморандумга кол койгонго укугу бар беле? Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент кол койгонго укук берген эмес. Ысык-Көлдүн жээгинде Казакстанга өткөн 50 гектар жери менен төрт анклав бар. Алар Казакстанга мөөнөтсүз өткөрүлүп берилген. Мадумаров, Данияр Үсөнов экөө кезексиз жыйын өткөрүп, казактарга өткөрүп берген. Чек араны бир күндө өткөрүп берген. Ал жерде да Мадумаровдун колу турат»,-деди Бекназаров.

Белгилей кетсек, Мадумаров өзүнө карата айтылган жогорудагы сындарды четке кагып келет.

Количество просмотров: 76