• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сулуусу жана акылсызыраагы. Мадумаров менен Бекназаровдун бири-бирине болгон какшыгы

17 Үчтүн айы 2020 9:47 Бишкек Govori.TV

Мен Мадумаровго караганда “акылсызыраак крикунмун”. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйын учурунда билдирди.

 “Адахан экөөбүз крикундук жагынан окшош элебиз. Ал мага караганда акылдуурак, сулуураак жана жашыраак крикун. Ошондой эле өзүн өтө жакшы көрөт, аябай акылдуу. Акыл айтып, баарын өзү билет ал эми калгандарын жекирип эле турат. Мен акылсызыраак крикунмун. Элден сурап, элге баралы, эл эмне дейт? Экөөбуздүн крикундук жагынан айрымабыз ошол эле”,-деди Бекназаров.

Ал эми саясатчы Адахан Мадумаров Govori.TVнын «Майдан» программасында журналисттердин Бекназаров тууралуу берген суроосуна жооп берди.

Өзү да айтып жатпайбы ага карганда сабатсызыраакмын дедиби ушул сыяктуу бир сөз айтты. «Окуш керек, үйрөнүш керек! Бекназаров Кыргыз өлкөсүн башка мамлекетке тааныта турган элчи болсо, биринчи эне тилинде жана орус тилинде анан башка тилди өздөштүрүү керек»,- деди Мадумаров.

Количество просмотров: 267