• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ырыс Жекшеналиевдин иши: Сотто бөгөт чарасын өзгөртүү каралат

10 Тогуздун айы 202211:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-октябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карайт. Жекшеналиев сотко жеткирилди.

«Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 141