• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Бекназаров Жээнбековдун сунушун кабыл алууга эки себеп болгонун айтты…

16 Үчтүн айы 202014:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков алар менен кызматташып жатканын билдирди.

Ал буга чейинки өлкө башчылар башкалардын ою менен эсептешпей келгенин айтып, элчилик кызматка барууга эмне үчүн макул болгонун түшүндүрдү.

Президенттин сунушун кабыл алууга эки себеп болду. Ал «үй-бүлөлүк башкарууну сындырам» деп жатат. Мындан тышкары ал Кудайдан коркот. Экинчиден, саясаттан алыстап элчи болоюн дедим. Бирок саясаттан таптакыр кетпейм, — деди Бекназаров.

Саясатчы 16-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбеков авторитардык бийликке каршы чоң иштерди жасады деп эсептей турганын кошумчалады.

Бекназаров былтыр 26-декабрда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалган. Аны бул кызматка өзү сунуштаганын президент Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурган акыркы пресс-конференциясында айткан.

Количество просмотров: 85