Эртең, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин дайындоо каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалат.
Белгилей кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине көрсөтулүп, көп өтпөй Бекназаровдун элчи болуусуна Малайзия тарап макулдук бергени айтылган.