Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бектур Асанов мөөнөтсүз жарыялаган ачкачылыкты эки күндөн кийин токтотту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Бектур Асановдун айтымында, ачкачылык жарыялоого Жогорку Соттун ишти кароону 10-декабрга жылдырганы себеп болгон.
“Мен 27-ноябрьда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаганмын. Бүгүн ачкачылык жарыялаганыма эки сутка болду. Бирок менин ачкачылыгымды токтотуумду суранып, достор, коллегалар, санаалаштар келишкенине байланыштуу, мен бүгүн ачкачылыкты токтоттум”,- деп билдирди ал.
Эске салсак, Бектур Асанов 27-ноябрдан тартып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-ноябрда Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен. БШК президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген 12 жарандын документин да артка кайтарган.