• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Бектур Асанов: Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз

5 Бирдин айы 201811:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2018.Govori.TV.

Бектур Асанов коюлган талаптар аткарылмайынча, өзү менен кошо соттолгон эки оппозициячы менен чогуу ачкачылыкты акырына чейин кармай турганын айткан:

Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз.

«Кургак ачкачылык» — нааразылык билдирген адамдын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тартышы.

«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылды.

Количество просмотров: 30