• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бектур Асанов: Жээнбековдун айланасында бүт эки жүздүү саясатчылар чогулган

7 Баш оона 201923:18 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында кырдаалдын курчуп кетишин бийликтин, күч түзүмдөрүнүн шалаакылыгы катары баалады. Ал атайын бөлүктүн аскерлери көтөрүп жүргөн куралдар Кой-Таштагы, Атамбаевдин тарапташтырынын колуна өтүп кетишине жол бербеш керек экенин айтты:

— Азыр толугу менен саботаж болуп жатат. «Атайын кызматтын куралын тартып алганы жатат» деп жатышат. 2010-жылы дагы ошондой болуп, куралдарын таштай качышкан. Ошол учур кайталанып жатат. Президент Жээнбековдун айланасында бүт эки жүздүү саясатчылар чогулган. Президент эки жылда команда түзө алган жок. Ошонун кесепети. Кыргызстандын тагдыры биз үчүн баары бир эмес. Саясатчылар сүйлөшүп жатабыз. Эртең менен билдирүү жасайбыз.

Количество просмотров: 16