• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бектур Асановдун абалы начарлап колониянын ооруканасына жатты

2 Бирдин айы 2018 19:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.2018.Govori.TV

Бектур Асановдун абалы начарлап соттон дароо 47-колониядагы оорукана алып жөнөштү. Бектур Асанов 4 күндөн бери кургак ачкачылык кармап жаткан.

https://www.facebook.com/adil.turdukulov/videos/1971592659761979/

Буга чейин камактагы оппозициячы саясатчылар өз укугу одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып, үч күн мурда ачкачылык жарыялашкан. Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков экөөнүн ден соолугу начарлап кеткени 31-январда маалым болуп, УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. Натыйжада алардын 31-январга белгиленген соту 2-февралга калтырылган.

Үч саясатчы мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратууга, булар менен чогуу айыпталып жаткан Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет.

Количество просмотров: 13