Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан (U-17) дүйнө чемпионатында эки кыргыз балбаны күмүш медаль тагынды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмактык категорияда килемге чыккан Амангелди Ысакбаев финалда Азербайжандын спортчусу Али Назаровго 1:5 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.
Ал эми 45 кг салмак категориясында күч сынашкан Нуркерим Кумарбеков финалга чыгуу үчүн болгон таймашта ал Казакстандын балбаны Куанышбек Жангажолго 7:8 эсебинде аз айырма менен утулуп, 2-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча U-17 (17 жашка чейинки балбандар) дүйнө чемпионаты 28-июлда Грециянын борбору Афина шаарында башталган.