• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Беларусь Премьер-министри Сергей Румас Кыргызстанга келди

8 Баш оона 201920:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.08.2019. Govori.TV

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Сергей Румасты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Количество просмотров: 12