• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Белчесинен кар кечип, ат менен жол жүргөн адистер элеттиктерге жарык беришти (видео)

25 Бештин айы 20199:24 Бишкек Govori.TV

Сузак районуна караштуу тоолуу айылдарда өчкөн электр жарыгы калыбына келтирилип, элге жарык толугу менен берилди. Бул тууралуу «Жалал-Абад электр» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

22-декабрга караган түнү кардын калың жааганынан улам Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт, Спутник кичи райондорундагы 35 фидерде электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

«Күзөттө турган ыкчам топко кошумча күч кошулуп, жалпы 32 ыкчам топ жеринде калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүштү. Сузак районунда орточо эсеп менен 2 сааттан 7 саатка чейинки аралыкта 10 кВт чыңалуудагы аба чубалгыларга электр энергиясы толугу менен берилди. Ал эми 10/0,4 кВт трансформатордук подстанцияларда аба чубалгылар үзүлүп, электр мамычалардын айрымдары кулап түшкөн. Аларды оңдоп-түзөө жумуштары кечээ дагы улантылып, бүгүн толугу менен электр жарыгы менен камсыз болду.

Тоолуу Орток айылына электр монтёрлор унаа баруучу жолдун жоктугуна байланыштуу 10 чакырымдай алыска ат менен барышып, электр жарыгын жандырышты. Айрым жердеги кардың калыңдыгынан ат да баса албай, жагдайдан араң чыгышкан.

Сузак районунда электр энергиясын калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жолдордун жабылып калганы техникалардын баруусуна тоскоолдук жаратты. Ага карабастан жөө жана ат менен барып, жарык берүү жумуштарын аягына чыгарышты», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 233