• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Белгилүү актёр Марат Жанталиев каза болду

9 Кулжа 2020 17:49 Бишкек Govori.TV

Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев 59 жашында каза болду. Бул тууралуу маалыматты режиссёр Эрнест Абдыжапаров фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалымат боюнча ал оорудан улам каза болгон.

«Бопуш» деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жантелиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Жантелиев Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан.

Марат Жанталиевдин жакындарына Govori.TVнын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 744