Белгилүү блогер Илья Варламов сыртынан фейктер жана чет элдик агенттик боюнча иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү Москванын Мещанский соту чыгарды, деп билдирет Россиянын борбор шаарынын прокуратурасы.
Ал Кривой Рог жана Одесса шаарларындагы турак жайларга жасалган аткылоолор тууралуу билдирүүлөрү, ошондой эле жарыялоолордо «чет элдик агент» статусун көрсөтүүдөн баш тарткандыгы үчүн Россия армиясы жөнүндө фейктерди тараткан деп айыпталган.
Сот Илья Варламовду жалпы режимдеги колонияда сегиз жылга эркинен ажыратып, блогерге 99,5 миллион рубль айып салды. Илья Варламов 2022-жылдын февраль айынан бери Россияда жашабайт. РФда блогер сыртынан камакка алынып, мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган.
Ошондой эле Москвадагы сот анын эсептерин камакка алды.
Илья Варламов Кыргызстанга бир нече жолу келип, республика тууралуу бир нече ролик тарткан. Биринчи жолу ал Бишкекке 2020-жылдын 2-сентябрында келген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин блогер Бишкектен репортаж жарыялаган. Ал КРге кайрадан 2021-жылдын июль айында келген. Ал сапарында республиканын түштүгүн изилдөөнү артык көргөн.