Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 60 жаштагы спортчунун жүрөгү токтоп калганы кабарланууда.
Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама команданын оюнчусу, дүйнөнүн чемпиону болчу. Анын спорттогу чеберчилиги жогору бааланып, дүйнөдөгү эң атактуу футболчу катары атагы чыккан.