КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери социалдык тармакта жазышууда.
Маалыматтар боюнча, ал оорудан улам көз жумган.
Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.
Govori.TVнын эмгек жамааты акындын үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.