• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Белгисиз жарандар ок атып жаткан видео боюнча милиция маалымат берди

4 Жетинин айы 2022 11:56 Бишкек Govori.TV

3-ноябрь күнү интернет тармагында белгисиз жарандар ок атып жатканы боюнча видео таратылган видео тараган. Окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымат таратты.

Маалыматка караганда, ал видео боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн материал 3-ноябрь күнү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Видеодогу ок атуучу куралдан ок чыгарышкан жарандарды тактоо максатында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

«Иш-чаранын жүрүшүндө ок аткан жарандар такталып, алар Ош шаарынын 24 жана 29 жаштагы тургундары экени аныкталып, жарандар тергөөгө камсыз кылынган. Ошол эле учурда алардан далил буюм катары KRAL ARMS XPS W TAKTIKAL үлгүсүндөгү бир даана ок атуучу куралы жана газо пневматикалык бир даана ок атуучу тапанча, 2 даана ок атуучу куралдары алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган жарандардын ок чыгаргандардын себеби тергөөгө алынып келген жарандардын бири уулду болгондугун түшүндүргөн. Бул окуя Ош шаарында болгондуктан топтолгон материал караштуулугу боюнча Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берүү каралууда.

Количество просмотров: 696