• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Белизгейт Сегизбаевдин түбүнө жетеби?

21 Аяк оона 201816:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018.Govori.TV.
Учурда “Белизгейт” темасы кайрадан козголуп, тийиштүү органдар текшерүү иштерин улантмай болушту. Ошону менен катар Белизгейт докуметтерине байланышуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик камитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев дагы жоопко тартылаары же тартылбасы боюнча иштер башталды.
Эми алдыда кандай чечимдер болоору жакынкы арада белгилүү болот.
Эске салсак, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев Белизгейтке байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге дагы көрсөткөн эле. Ал учурда «Ата Мекен» партиясы юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдиришкен.
Бул боюнча айрым эл өкүлдөрү бийликтин кылыктарына терс пикирлерин билдирген. Экс- президент Алмазбек Атамбаев документтер калп болсо, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Сегизбаевди кызмат ордунан бошотоорун журналисттерге айтканы бар.
Башкы прокуратура жана УКМК былтыр «Белизден алынды» деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзүп, бирок тыянак чыккан эмес.
Бүгүнкү күндө УКМКнын азыркы жетекчилери Белизгейттен документтер келбегенин ачыкташты. Бул маалыматтан кийин коомдук активисттер Сегизбаевди жоопко тартылсын деген сунуш менен тиешелүү органдарга кайрышкан.
Ал ортодо эл өкүлү Жанар Акаев УКМКнын калп айткандары үчүн жоопко тартылсын деди.
Сегизбаев дайыны жок делип жаткан Белизден келген документтер тууралуу түшүндүрмө берди. Ал документтердин мыйзамдуу алынышын тастыктаган кагаздар бар экенин, документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн айтты.

Количество просмотров: 52