Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн көз карандысыздык майрамына келген меймандар менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Г. Бердымухамедов этноспорт боюнча бүткүл дүйнөлүк конфедерациянын төрагасы, Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган менен жолугушуп, Түркмөнстандагы спорттун өнүгүшү тууралуу пикир алышты.
Жолугушуу аягында Бердымухамедов мейманга алабай тукумундагы эки күчүктү белек кылды.