• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белекке берилди

23 Жалган куран 202617:34 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев президент Садыр Жапаровдун атынан төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир белекке беришти.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, батирде наристелердин жашоосу үчүн мыкты шарттар камтылып, аларга керектүү балдар керебеттери, коляскалар менен да камсыздалды. Бул белек мамлекет тарабынан үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында тапшырылды.

Шаар мэри өлкө башчысынын атынан жаш үй-бүлөнү кубанычтуу кабары менен куттуктап, наристелерге узун өмүр каалады. Ал эми төрт эмдин ата-энеси көрсөтүлгөн камкордук үчүн президентке терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 12-мартында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында Араван районунун 26 жаштагы тургуну Дилшода Артыкова бир уул, үч кыз төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Количество просмотров: 143