Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.
Чүйдүн Беш-Күңгөй айылындагы милиция бөлүмүнүн имараты өрттөлдү. Бул тууралуу 9-августта облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, өткөн түнү жаалданган топ коомдук тартипти бузуп, жол боюндагы автомашиналардын айнегин талкалаган. Учурда талкаланган жана өрттөлгөн машиналардын саны, Беш-Күңгөй милициясынын имаратына келтирилген материалдык зыяндын суммасы такталып жатат. Жеринде ыкчам топ иштөөдө.
Белгилей кетсек, эки тараптын кагылышынан «Govori.TV» агенттигинин журналисттеринин да унаасы талкаланган.
8-августта Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетти. Ага чейин ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. Атамбаевдин тарапкери деген 500-600дөй адамдан туурган жаалданган топ Кой-Таштан бери Бишкекке жөө келген.
Беш-Күңгөй Кой-Ташка жакын айылдардын бири.