Бишкекте өткөн улуттук тамак-бешбармак менен чучукту Гиннестин рекорддор китебине киргизүү иш чарасында тартылган бир сүрөт социалдык түйүндөргө желдей тарап, чоң талкууга түшүүдө. Анда болжол менен 5-6 жаштар чамасындагы эркек бала 4-5 жашар карындашына бешбармак жедирип жатканын көрүүгө болот.
Сүрөттү көргөндөр бул жерде кыргыздын канына сиңген боорукердик сезимдин алдыңкы фонго чыкканын айтып жатышат. Абалтан эле кыргыз баласы кыз бир тууганын баалап-барктап, кыздарга төрдөн орун берип, карындашын тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай бепестеп өстүргөн эмеспи.
Ошондой эле иш-чараны катуу көзөмөлгө алып, тартипти сактаган милиция кызматкерлери да миңдеген адамдардын арасынан дал ушул эки кичинекей биртуугандардын тамактанышына шарт түзүп, аларды аяп, тосмонун аркы бетине өткөргөнү да бооркукерлик катары бааланууда.