• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Беспредел KG» баракчасынын администратору эки айга камакка алынды

28 Жетинин айы 201911:09 Бишкек Govori.TV

Facebook тармагындагы «Беспредел KG» баракчасынын администратору эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинен кабарланды.

«Алар адамдардын мыйзамсыз жана зордук-зомбулук аракеттерин ойгото турган калың элдин арасында терс маанайды жаратты. Жыйынтыгында аймактар аралык кастыктын отун жагып, бири-бирине жек көрүүчүлүк пайда болду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМКдан 24-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу — А. Ж. аттуу адам кармалгандыгын билдирген.

Биринчи Май райондук сотунан анын баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 75