• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Беспредел.kgнин» администратору кайсы билдирүүлөр үчүн кармалган? УКМКнын жообу (сүрөт)

27 Жетинин айы 201917:12 Бишкек Govori.TV

Аймактар аралык жаңжалды козуткан факты боюнча «Беспредел.kg» баракчасынын администратору кармалып, УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал бир нече жолу аймактар аралык жаңжалды козутууга үндөгөн
жалган жана провокациялык мүнөздөгү маалыматтарды таратып,
жарандарды мыйзамсыз жана зордук-зомбулук иш аракеттерге түрткү кылып, колдонуучулар арасында каршы ойлорду жаратып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан.

Бул факты боюнча маетиалдар Кылмыштардын жана жоруктардын
бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча катталган.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 122