• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Бийлигиңизден пайдаланып үйүңүзгө келе бердиңиз, бети жоктор десе!». Ташиев Касымалиевага сын айтты

17 Жалган куран 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

Коронавирус тараган Германиядан командировкадан келгендиги үчүн 13-марттан баштап, үйүндө 14 күнгө карантинде жаткан вице-спикер Аида Касымалиева өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ал-акыбалын айткан пост жазган. Ага жооп кылып экс-депутат Камчыбек Ташиев пикирин жазып, сын айтты.

“Эмне үчүн шайлоочулар карантинде ооруканага жаткырылса, сиз үйүңүздө жатасыз? Сиз Жогорку Кеңештин кызматкерлери менен бирге коронавирус боюнча коркунучу биринчи категория болгон Германиядан келдиңиз, сиз этикетти буздуңуз, сиз өзүңүздүн шайлоочуларыңызды ооруканага таштап, бийлигиңизден пайдаланып үйүңүзгө келе бердиңиз, бети жоктор десе!” – деп зекиди Ташиев Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу.

Нужно привлеч к ответственности!!!

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Понедельник, 16 марта 2020 г.

Белгилей кетсек, 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге алынган.

Количество просмотров: 9608