Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.
Бийлик Бабановдон, Бабанов бийликтен коркту. Бул тууралуу коомдук ишмер Камила Талиева Govori.TV. интернет-каналына билдирди.
“Эгерде Бабановдун күнөөсү жок болсо, Кыргызстанга чаламандын чак түшүндө эл катары келип, УКМК тараптан берилген суроолоруна жооп бергенде оң болмок. Эки тарапта тең бир топ сыр бар. Бийлик дагы Өмүрбек Токтогуловичтин келишине каршы экенин билдирип койду”, – деди саясий жана мамлекеттик ишмер Камила Талиева.