• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Билим берүү борборунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

23 Бугу 2019 11:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 21-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

«Кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн жалданма фирманын өкүлүнөн пара талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 9