Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 10 жылдан ашык бул тармакта эмгектенип, бирок наам албаган окутуучулардын абалын түшүнүп жатканын айтып алардан кечирим сурады.
Министр Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде талкууга алынган Ош шаарында 23 жаштагы мугалимдин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгону боюнча жооп берди.
Анын айтымында, наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизүү керек.
» Мен 30-40 жыл иштеген бирок наам албаган мугалимдерди түшүнүп турам. Моралдык жактан бул көрүнүштү туура эмес деп эсептейм жана кечирим сурайм», — деген министр.