• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Билим берүү министринин мурунку орун басары Гайша Ибрагимова каза болду 

12 Теке 2020 17:23 Бишкек Govori.TV

Билим берүү министринин мурдагы орун басары, Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси Гайша Ибрагимова каза болду.

Маалыматка караганда, Гайша Ибрагимова пневмония болуп, бир нече күн мурун ооруканага жаткырылган.

Гайша Ибрагимова 1951-жылы 25-ноябрда Орусиянын Красноярск аймагындагы Дудинка шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, 1975-жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келди. Ибрагимова Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги. 2004-2005-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген.

Количество просмотров: 236