• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Билим берүү министрлиги: «Мектеп менен ата-энелер окуучулардын формасын биргеликте тандашы керек”

26 Теке 201913:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге окуучулар кийчү форманы тандоодо баасын жана сапатын ата-энелер менен макулдашуу керектигин сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

«Мектеп менен ата-энелер окуучулардын формасын биргеликте тандашы керек. Кийимдердин өңү кара, боз, көк, кочкул кызыл болушу шарт. Ошол эле учурда классикалык форма — үстү ак, алды кара кийимдерге да уруксат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мектепте бирдиктүү форма кийүү өкмөттүн 2015-жылдагы токтому менен бекитилген.

Количество просмотров: 34