Жалпы билим берүүчү уюмдарда жоолук салынууга чектөө жок. Бул туралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, Конституция жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзама ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий, диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.
Мындан тышкары өкмөт 2015-жылдын 12-августунда мектеп окуучуларынын формасына карата бирдиктүү талаптарды бекиткен.
Аларга ылайык:
Өкмөттүн аталган чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эмес.
Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү.
Билим берүү уюмдарынын администрациялары көрсөтүлгөн себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасоосу кажет.