• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Билим берүү министрлигине уурулукка кирген жарандар кармалды

10 Баш оона 2023 12:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин имаратына уурулукка кирген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

ИИМдин Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө министрликтин имаратынын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя 7нен 8-августка караган түнү болгон.

Жерине барган атайын топ тарабынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, багажынан министрликке тиешелүү чугун батареялары табылган.

Министрликтин имаратына уурулукка кирүүгө шектелип 50, 51, 32 жана 33 жаштагы төрт жаран кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 135