• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Билим берүү министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын Баткендин жашоочуларына которот

30 Чын куран 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын Баткен облусунда болуп өткөн окуялардан жабыркаган жарандарга жардам иретинде которот. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министрликтин профсоюздук комитетинин жыйынында кабыл алынган.

Жыйында бардык мүчөлөр жогорудагы демилгени колдоп, жаралган кырдаалда кыргыз элинин биригип, бири-бирине жардам көрсөтүп, ынтымакты сакташы маанилүү экенин баса белгилешти.

Количество просмотров: 85