Бир эркекти сабаган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Ата районунун Ново-Павловка айылынын көчөлөрүнүн биринде болгон. Жабырлануучу ошол эле күнү 10-сентябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, кошунасы балдары менен аны сабап, денесине залал келтиргенин билдирген.
Аталган иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча катталган.
Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
Буга чейин социалдык тармактарга бир адамды маршруттук таксиден сууруп чыгып, тепкиге алган үч кишинин видеосу тараган болчу.