Бир аптада 21 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
9 Аяк оона 202417:59 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын аймагында 2-сентябрдан 8-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 858 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 482;
мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 249;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 57;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 392;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 157;
авто ээнбаштык – 8;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 миң 492;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 миң 20.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 222 авто унаа айып короо жайына токтотулган.
Подписаться:
Количество просмотров: 119