13-19-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында 6 миң 427 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бир аптада борбор калаада 60 мас айдоочу кармалган.
Анын ичинен:
— айнектерин караңгылатып айдагандар – 12;
— айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар – 121;
— башка жол эреже бузуулар – 6 миң 234.
Ошондой эле 424 унаа айып аянтчасына коюлган.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоосун суранат.