• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир аптада өлкө аймагында 161 мас айдоочу аныкталды

12 Кулжа 2023 11:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы жумада 18 миң 627 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 229;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 161;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 36;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 423;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-5288;
  • авто ээнбаштык — 11;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2940;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9539;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1218 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 53