• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бир аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат

9 Бештин айы 201917:07 Бишкек Govori.TV

10-декабрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

10-декабрда күндүз жана 11-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-декабрда күндүз жана 12-декабрда түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 12-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

13-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Количество просмотров: 382