• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бир бол фракциясынын лидери Сулайманов министр Мурашевди жарга такады

7 Жалган куран 2018 11:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.03.2018. Govori.TV.
Парламенттин 7-марттагы жыйынында Кыргыз жеринде мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сырттан алынып жаткан 25 миллион долларга байланыштуу маселе каралууда. Документтин толук аталышы — Кыргыз өлкөсү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.
Кыргыз тарап аталган фонддон 25 миллион доллар алууда. Мунун 50 пайызы кредит, 50 пайызы гранттык каражат. Бул акчага өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүү багытында 40 долбоорду ишке ашыруу каралган. 25 миллион доллардын 7 миллион доллары консультациялык кызмат көрсөтүүгө жумшалат деп айтылды. Ушул жагдай депутаттардын көӊүлүн буруп, 7 миллион доллар конкреттүү эмнелерге жумшаларын сурашты. 1 долбоорду даярдоодо 200 миӊ долларга жакын акчаны консультацияга жумшоо өтө көп деп сындашты. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев баштаган демилгечилер суроого жооп айта алышкан жок.
Депутат Алтынбек Сулайманов 25 миллион доллардын 17 миллион доллары элге жетип, калган 30 пайызы ортодо жоголуп кеткени жатканын айтып чыкты.
Мындан кийин депутаттар 7 миллион доллардын кайда жумшаларын тактамайынча, долбоорду колдобоону айтышты.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 47