• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Бир Бол” партиясы саясий кеңешинин жаңы курамын жарыялады

29 Теке 2020 11:07 Бишкек Govori.TV

“Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын билдирди. Бул тууралуу партиянын Фейсбуктагы расмий баракчасында жазылат.

“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз”, — деди Алтынбек Сулайманов.

Количество просмотров: 491