• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Укук коргоочу Виталий Пономарев Кыргызстандан депортацияланды

16 Жетинин айы 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун Борбор Азия программалары боюнча директору Виталий Пономарев Кыргызстандан депортациаланды. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан ырасташты.

Маалыматка караганда, укук коргоочу адам укуктары боюнча Бишкекте өтүп жаткан фестивалга конок катары чакырылган. Бирок анын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынгандыктан иш чарага катыша алган эмес.

Укук коргоочу Виталий Пономарев “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкекке учуп келип, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан учурда 14-ноябрда кармалган.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын өкүлү анын Кыргызстанга кирүүсүнө 2017-жылы тыюу салынганын, чечим 2020-жылы узартылганын айткан.

2017-жылы Пономаревду Кыргызстанга киргизбөө боюнча тапшырма атайын кызматтан келип түшкөнүн ошол кезде Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген. Атайын кызматтан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

«Мемориал» укук коргоо уюму Орусияда «чет өлкөлүк агент» деп таанылган. Быйыл бул уюм Украинадагы Жарандык эркиндиктерди коргоо борбору жана беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкий менен бирге Нобелдин тынчтык сыйлыгын алды.

Норвегиянын Хельсинки комитети Пономаревго байланышкан маселени кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрүндө көтөргөнүн, мындан кийин дагы муну көз жаздымында калтырбай турганын билдирди.

Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. 2010-жылдан кийин бул чектөө күчүн жоготкон эле.

Количество просмотров: 58