• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бир дагы беттеште утулбаган жапон дзюдочусу Ута Абэ олимпиадада жеңилип, көзүнө жаш алды

29 Теке 20240:44 Бишкек Govori.TV

Токио Олимпиадасынын чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, 2019-жылдан бери дзюдо боюнча дүйнөнүн бир да мелдешинде жеңилип көрбөгөн, «жеңилбес Ута Абэ деген» каймана атка ээ болгон 24 жаштагы Ута Абэ өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёровага утулуп калып, жеңилүү ызаасын тартты. Ал дээрлик беш жылдан бери бир дагы беттеште утулган эмес.


Жапон дзюдочусу жеңилгенден кийин эмоциясын баса албай, көзүнө жаш алды. Абени анын машыктыруучусу колдоп, кучактап, ага дем-күч берген сөздөрдү айтты.
Ал маркум апасына жеңишти убада кылган. Ошон үчүн бул утулуу ага чоң сокку болду. Бирок, азыр оор болгону менен зарыл болгон сокку. Ал баарын туура кабыл алса, дал ушул сокку аны күчтөндүрөт.

Количество просмотров: 778