Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175 кылмыш, 137 жорук катталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын билдирди.
Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.