18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун дагы 88 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, учурда бейтаптардын 75и үйдө дарыланып жатат, 13ү ооруканада.
Аныкталган 88 учурдун ичинен:
— 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан,
— 2 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.
-8 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталган (Корея, Литва, Венгрия),
-6 учур оорулуу менен байланышта болгон адамдардан аныкталган.
2022-жылдын 18-июлуна карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.