Бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Алардын ичинен Бишкекте 17 адам, калган 57си өлкөнүн башка аймактарында катталды.
Кошумчалай кетсек, март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 571 адамга жетти.