Бир катар адвокаттар кесиптеши Самат Матцаковдун кармалышын сынга алышты.
Самат Матцаков 29-ноябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) жана 379-беренесинин 3-бөлүгү (Башка кылмышты жашыруу же анын жасалышын жеңилдетүү максатында документтерди даярдоо) менен шектелүүдө.
Матцаковдун жактоочусу Нурсултан Жаныбековдун айтымында, камакка алуу кылмыш-процессуалдык нормаларды бузуу менен жүргүзүлгөн. Ал эми адвокат Асел Аргынбаева кылмыш ишин саясий куугунтук деп атады.
Адвокат Тимур Жанаевдин айтымында, Матцаковдун үйүндө жана жумушунда тинтүү соттун корутундусу жок жүргүзүлгөн. Ал кошумчалагандай, Матцаковго «Алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылган. Ал түшүндүргөндөй, бул кылмыш анча оор эмес жана камакка алынбаса деле мүмкүн болчу.
Жактоочу кошумчалагандай, документтерди жасалмалоо беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча келишимдин көчүрмөсү себеп болгон, бирок, бул расмий документ эмес, ошондуктан ага негизсиз айып тагылган.