• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бир катар аскер кызматчылары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

29 Баш оона 201911:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.08.2019. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

«Даңк» медалы менен:

Мукамбетов Руслан Мустафаевич — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги, полковник;

Мусуралиев Азат Алаевич — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Капчыгай» чек ара заставасынын начальниги, улук лейтенант;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Аристокиев Айбек Жаныбекович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири, гвардиянын капитаны;

Белеков Уларбек Эрикович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири, капитан;

Касманбетов Жаныбек Жумаевич — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги, полковник;

Садиков Рустам Исмаилжанович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги, подполковник;

Тайкара уулу Абылкасым — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы, кенже сержант.

Количество просмотров: 46