• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бир мандаттуу округдан алдыга чыккан талапкерлер тууралуу эмне белгилүү?

28 Жетинин айы 2021 23:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28—ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо аралаш система менен өттү. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. БШК) добуштарды автоматтык санаган системасынын баштапкы маалыматтарында бир мандаттуу округдардан жеңишке жеткен талапкерлердин арасында мурдагы депутаттар бар.

Бишкек шаары

№ 28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев. Ал 2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Кийин “Ак-Ниет” партиясын негиздеген. 2015-жылы Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

Ош шаары, Ош облусу

№7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен мандат алган. Осмонов 38 жашта, ишкер жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү экени маалым. Бирок ал өткөн жылкы парламенттик шайлоонун алдындагы ички пикир келишпестиктен улам аталган партиянын катарынан чыгып кеткен.

№9 Кара-Суу шайлоо округу — Искендер Матраимов 2015 — КСПД партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

№11 Алай шайлоо округу — Улан Примов 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДП партиясынан депутат болгон.

№12 Өзгөн шайлоо округу — Элмурза Сатыбалдиев. мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев. Ал — 2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан жарандарга ок атуу фактысы боюнча айыпталып, соттолгон.

Жалал-Абад облусу

№ 13 Сузак шайлоо округу — Тазабек Икрамов 1998-2000-жылдары Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында окутуучу болуп иштеген. Икрамов — коомчулукта талаш-тартыш жараткан бир катар чакырыктары менен белгилүү депутаттардын бири.

№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу — Шаирбек Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси.

Талас облусу

№20 Манас шайлоо округу — Дастанбек Жумабеков 2015-жыл, 4-октябрь — «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты. 2017-жылдын 25-октябрынан 2020—жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

Чүй облусу

№25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу.

Ысык-Көл облусу

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу — Арсланбек Малиев КР Жогорку Кеңешинин I, II жана III чакырылыштарынын депутаты болгон.

Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрда маалым болот.

Количество просмотров: 463