• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттанарын билдиргендер 308ге жетти (тизме)

13 Тогуздун айы 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдарынан 308 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү.

БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.

Арыз берген талапкерлердин тизмеси менен бул жерден тааныша аласыз.

Количество просмотров: 4202