• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды

23 Бештин айы 2021 9:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 3, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жалпы аянты 60 чарчы метр болгон окуу борбору толугу менен, ошондой эле жанаша жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 24 чарчы метр чатыры жана дагы бир турак үйдүн 140 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 73